Кооптуу аймактар
Кыргызстандын бардык климаттык зоналарында кене аркылуу жугуучу вирустук энцефалиттин табигый очоктору бар. Адам үчүн өзгөчө кооптуу аймактар: Чоң-Кемин, Кыргыз тоо кыркаларындагы Күнгөй Ала-Тоо жана Тескей Ала-Тоо токойлуу зоналары. Ошондой эле Токмок коругу, Кегети жана Ала-Арча капчыгайлары, Ысык-Ата районундагы Альплагерь, Түп жана Ысык-Көл райондору, Талас өрөөнү, Приферганье жана Нарын дарыясынын жээк аймактары да тобокелдүү болуп саналат.





